Акылбек Арстанбеков тууралуу учкай маалымат:
Акылбек Арстанбеков 1965-жылдын 2-апрелинде Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Бүргөндү айылында туулган.
Алгачкы билимин ошол кездеги Кыргыз ССРнин баш калаасы Фрунзе шаарындагы Финансы-экономикалык техникумунан алган. Андан кийин, 1987-жылы Россиянын Ярославль шаарындагы Жогорку Аскер-финансы окуу жайына тапшырган. 2005-жылы Мамлекеттик юридика академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Ал “Эсепчи”, “Финансист-экономист” жана “Юрист” сыяктуу бир нече маанилүү жана турмушка керектүү кесиптердин ээси.
Ошол эле учурда, Акылбек Арстанбеков 2-класстагы Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине татыган. Ал болсо, өз кезегинде генерал-лейтенант наамына барабар чин экендигин баса белгилеп кетүү зарыл.
Жогоруда ысымы аталган инсан Кыргызстандын тарыхында “эгемен, көз карандысыз” атыккан Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Ал жылдар 2006-2007-жылдарга туш келет. Мына ошондо Жогорку Кеңеш чындыгында көз карандысыз болуп, өзүнүн ыйгарым укуктарына жүктөлгөн бардык фунцияларын так аткарып, элге, жерге керектүү мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу менен алек болгон.
Ошол жылдары аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу палатасына үстөмдүгүн көрсөтүп, бийлик бутактарынын ортосундагы балансты жокко чыгаруу аракеттерин көрүшүп, 2007-жылы Жогорку Кеңеш таркатылып, аны менен бирге ыйгарым укуктарына киришкенге бир гана жыл болгон Акылбек Арстанбеков жүйөлүү себептерден улам алдыга койгон план, мерчемдерин аткара алган эмес.
Бирок, ага карабастан Акылбек Арстанбеков, депутаттык мандаты жок эле, ага ишеним көрсөтүп, Жогорку Кеңешке шайлап берген шайлоочуларын ар тараптуу колдоого алып, жардамын аябай келген. Ал үчүн анын шайлоочулары ушул күнгө чейин ага ыраазы.
Ошон үчүн ошондогу жетекчилиги, Акылбек Арстанбековдун элдин, журттун алдындагы кадырын эске алып ал адамды бир нече жооптуу кызматтарга дайындаганга туура келген.
Айтсак, ал иш тажрыйбасында Эсеп палатасы, Финансы чалгындоо кызматы, Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, Чек ара кызматы жана бир топ жооптуу кызматтарды аркалап, ийгиликтерге жетишкен. Анын өлкө алдындагы ат көтөргүс эмгеги убагында туура бааланып, ал бир топ Мамлекеттик сыйлыктар, наамдар менен сыйланган.